Тогуз-Булак айыл өкмөтүндө тартип сакчыларына планшеттер тапшырылды

Лейлек районундагы Тогуз -Булак айыл аймагындагы милициянын аймактык өкүлдөрүнө айыл өкмөтү тарабынан 2 даана заманбап үлгүдөгү “Zebra” планшети тапшырылды. Аталган санариптик жабдуулар жергиликтүү бюджеттин эсебинен 140 000 сомго алынганын айыл өкмөт башчысы А.Рахманов айтып өттү.  Бул аракеттер айыл аймагындагы айылдарда милициянын калк менен тыгыз иш алып барып, мыйзамдуулукту сактоо жана коомдук тартипти камсыз кылуусуна чоң шарттарды түзөт. Ошондой эле, кылмыштуулукту, укук бузууларды жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктарды алдын алуу боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө милиция кызматкерлеринин ишин жеңилдетет жана санариптик негизде ыкчам иш алып барууда өбөлгө болот.