Лейлек РИИБдин башчысы Тогуз-Булак айыл аймагынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү.

 Бүгүн Лейлек РИИБдин башчысы милициянын полковниги Алмазбек Шагамурзаев Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл аймагынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү.
           Жолугушууга Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Жеңишбек Асылбек, ошондой эле мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
 
           Жолугушуунун жүрүшүндө Алмазбек Шагамурзаев Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин акыркы мезгилдеги жетишкендиктери тууралуу маалымат берип, «Коопсуз өлкө» долбоорунун алкагында аткарылып жаткан жана мындан ары жүргүзүлө турган иш-чаралар боюнча элге кеңири түшүндүрмө берди.
 
          Ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 27-апрелиндеги №63 мыйзамынын талаптарын аткаруу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү.
 
         Мындан тышкары, балдар тарабынан жана балдарга карата жасалган кылмыштуулуктун, ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сактоонун, сууга чөгүү фактыларынын, ар кандай укук бузуулардын, алдамчылык жана кибер кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча да профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
 
         Жолугушуунун жүрүшүндө тиешелүү жетекчилер тарабынан суроолорго жооптор берилди. Милициянын ишине терс муноздогу суроо сунуштар болгон жок.
 
Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы