Кыргыз тили кыргыз мамлекетинде гана өнүгө алат

Тил - тез саясатташа турган сезимтал маселелердин катарында. Айрыкча постсоветтик мейкиндикте бул ого бетер талылуу, дароо дүң этип кетчү күчкө ээ факторлордун бири. Ошондуктан курулай саясаттан, калпыс ойлордон оолак болуп, акыл калчоо жалпыбыздын коомдук милдетибиз. Тилдин калыптанышы, байышы, өнүгүшү деген сыяктуу эволюциясынын дагы өз табияты, өз мыйзам ченемдүүлүктөрү бар.

17-июлда президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык Мыйзамга кол койду. Бирок Конституцияга өзгөртүү жана толуктоо киргизилгени жок. Демек Баш мыйзамда белгиленген орус тилинин расмий тил катары статусу сакталуу. Эч ким ага кол тийгизип, орус тили расмий тил деген жобону Конституциядан жулуп ыргыткан жок. Бирок Москва дароо реакция жасады.

Тилдин тизгини да, чылбыры да жаштардын колунда...

Тил маеслесине келгенде кандай чечим, кандай гана реакция болбосун анын келечегин аныктай турган эң негизги фактор - жаштар. Тил илимине байланышкан чоң изилдөлөрдүн эң негизги корутундуларынын бири - тигил же бул тилди ошол улуттун улгайган адамдары канчалык көркөм, адабий деңгээлде сүйлөсө дагы, ошол эле улуттун жаштары ал тилди мыкты билбесе тил өксүп, тилдин казынасы кемий берет. Тескерисинче, тигил же бул тилди жаш муун кеңири колдонуп, оюн ошол тилде айтып, ошол тилде кенен баарлашса ал тил жашай берет. Бул бир эле кыргыз тилине эмес, жалпы тилдерге тиешелүү мыйзам ченемдүүлүк экенин баса белгилей кетели. Албетте ага өбөлгө же кедерги боло турган факторлор чыгышы толук мүмкүн. Ошого карабай тилдин келечеги дагы жаштардын колунда.

Барсбек кагандын урматына коюлган эстелик

СҮРӨТТҮН БУЛАГЫ,НУРДИН УСЕЕВ ТАРТКАН СҮРӨТ

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Барсбек кагандын урматына коюлган эстелик

Байыркы элдин, Борбордук Азиядагы күчтүү этностун бай тили, азыркы учурдагы суверендүү мамлекеттин өзөгүн түзгөн, өлкөгө атын берген улуттун эне тили жана дүйнөлүк цивилизацияга айырбаштагыс салым кошкон көркөм мурастарды жараткан кыргыз тилине мамлекеттик тил статусун ыйгарган биринчи конституциялык жобо 1929-жылкы Кыргыз АССРнын Баш мыйзамында белгиленген. Бул факт, юридикалык акт.

Кыргыз ССРнин 1937-жылдагы Конситуциясында кыргыз тилинин мамлекеттик тил экендиги тууралуу аныктама алынып, анын ордуна кыргыз тилин колдонуу чөйрөсүн тарыткан жоболор менен алмаштырылган. Сот иштерин аймактарда калктын санына жараша орус, өзбек ж.б. тилдерде жүргүзүү сыяктуу жоболор кошулган. Бул жыл кыргыз журт башчыларын жок кылган кандуу репрессия апогейине жеткен жыл экени белгилүү.

Андан кийинки, 1978-жылкы конституцияда да кыргыз тили мамлекеттик тил тууралуу статусунан кур жалак калган. 1929-жылкы Кыргыз АССР конституциясынын кийин туура 60 жылдан өтүп, 1989-жылы гана кайрадан кыргыз тилине мамлекеттик тил статусу ыйгарылат. Конституция менен эмес, жөнөкөй мыйзам менен ыйгарылат. Албетте, Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили - кыргыз тили туралуу 1989-жылдагы мыйзам ошол мезгилдин өтө чоӊ жеӊиши, суверенитеттин чыныгы актысы болгон.

Тилекке каршы, мыйзам кабыл алынгандан кийинки мезгил ичинде кыргыз тили мамлекеттик тил катары бекем орун ээлей албады. Тескерисинче 60 жыл мурдагыдан айырмаланып, башка улуттар эмес, кыргыз улутундагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кыргыз тилин билүү проблемасы жаралды, эне тилин билбеген муун, мамлекеттик тилде сабаттуу жаза албаган, сүйлөй албаган чиновниктердин чоң катмары жаралды, эне тилин билбеген эки муун калыптанды.

Анткени көрүлгөн аракеттердин майнабы аз болуп, мыйзамдуу, конкреттүү иштерге караганда эмоциялык деӊгээлдеги мамиле, эсептелбеген, такталбаган кадамдар, декларативдүү ураан-чакырыктар, популисттик маанайдагы иштер басымдуулук кылды, ички тоскоолдуктар арбын болду. Ошентип мамлекеттик тил мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин ишинде, билим берүү, маданият, маалымат чөйрөсүндө дээрлик колдонулбай келгени маалым. 74% кыргызды өз мекенинде кыргызча сүйлөтө албай, кыргызга эне тилин үйрөтө албай убарабыз. Эми минтип суверендүү өлкөнүн президентинин өз өлкөсүнүн мамлекеттик тили тууралуу конституциялык мыйзамга кол коюшу орус бийлигинин расмий реакциясын жаратты.

Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров коммерциялык уюмдарынын башчылары менен жолугушуусунда кыргыз тили тууралуу мыйзамга кабатыр экендигин билдирип, мыйзам тууралуу идея жаралганда эле аны демократиялык эмес кадам деп “кыргыз досторду” эскерткенин билдирди. Процесстерди жактырбоо (“Татаал процесстер жүрүүдө. Борбор Азияда мыйзамдарды кабыл алуу аракеттенип жатышат”), ички ишке баа берүү (“демократиялык эмес кадам”), эскертүү (“биз бир нече ирет эскерткенибизге карабай”), кайрадан эскертүү, каңкуу – “Опять будем продолжать работать. Несколько раз предупреждали, но возобладала другая линия” (https://kg.akipress.org/news:1958482/?from=kgnews&place=impnews).

Ошентип дипломатиялык мекеменин жетекчиси Лавров “Ишти кайта улантабыз. Бир нече ирет эскерткенбиз. Бирок башка багыт үстөмдүк кылды” деп орус тилинин, орус маданиятынын, орус билиминин тыштагы ордун бекемдөөгө багытталган аракеттердин контекстинде билдирди. Абай салган кишиге “башка багыт” (другая линия) деген сөз айкашы доминант аныктама экени байкалат. Орус бийлигинин көз карашына туура келбеген нерселер башка багыт, бөлөк, чоочун, жат көрүнүш, муну менен эле баш ийкеп калбайбыз, кайрадан ынандырууга аракеттенебиз деген маани өзүнөн өзү келип чыгат. Президент Садыр Жапаров сыпаа жооп кайтарып, орус тили расмий тил катары колдонуудан чыкпайт деп, орус тилинин конституциялык статусун эске салды.

Тил геосаясий фактор

Орус дипломатиясынын орус тилинин чет өлкөлөрдөгү абалы үчүн кабатырлануусу, орус тилинин маанисин артыруу аракети кадимкидей тажрыйба. Ага чычалап, ички ишке кийлигишүүдө деп жер тепкилештин кереги жок. Лавров өз милдетин аткарып, кызматын кылып жатат. Анын үстүнө Европа жана АКШ менен кармаша берип мурда эле бай тажрыйбага ээ орус дипломатиясы ого бетер такшалды. “Орус тилин жана орус тилдүү мекендештердин укугун коргоо Евразиялык интеграцияны тереңдетүү, Орусиянын дүйнөлүк экономикада позициясын бекемдөө сыяктуу эле тышкы иштер министрлигинин көңүл борборунда болуусу абзел”. Бул орус өкмөтүнүн башчысы М. Мишустиндин былтыр 10-фералда орус дипломаттарынын расмий майрамында сүйлөгөн сөзү (https://tass.ru/politika/10665157).

Ага үндөш пикирди министр Лавров да айтты: “Орус тилин жайылтуу боюнча атайы комплекстүү программа даярдалып жатат. Программа министрликтин жана “Русский мир”, Россотрудничество сыяктуу мекемелердин, институттардын орус тилин коргоого жана аны жайылтууга арналган ишин илгерилетет”. Ал эми президент Владимир Путин былтыр президент Садыр Жапаров менен жолугушууда “Кыргызстанда орус тилин колдоо эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерде негизги пайдубал болуп эсептелет” деп кашкайта айтты (https://vz.ru/news/2022/11/25/1188321.html).

2023-жыл КМШда “Орус тилинин жылы” деп жарыяланды. А Кыргызстан КМШнын ушул жылдагы төрагасы. Жыл ушинтип жарыяланган соң биздин дипломаттар не демек, ооба, кубаттайбыз, Кыргызстанда орус тилин колдоо жана аны жайылтуу боюнча маанилүү иш чаралар өтөт деди (https://vz.ru/world/2023/3/16/1203382.html).

Ошентип Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили мамлекеттер аралык мамиленин анабашы экен, дипломатияда орчундуу маселеге айланыптыр. Эч ким эч кимге ыдык көрсөтүп, укугун чектегени жок. Бирок Кыргызстанда кыргыз тилин – калктын 74 пайызынын түзгөн улуттун эне тилин өнүктүрүүгө байланышкан, мамлекеттик тилдин мамлекеттик деген укуктук статусун реалдуу ишке ашырууга багытталган ар бир аракет негедир ичте да, тышта да талаш жаратат, айрымдардын итиркейин келтирет, терс реакциясын пайда кылат. Дароо эле ар кайсы трибунадан орус тилинин укугу чектелмей болду, орус тилдүүлөр запкы жемей болду деген сыяктуу аныктамалар дароо мөндүрдөй жаайт да калат.

Орус тили саясаттын фактору, таасир этүүнүн куралы. Салыштыралы. Кыргызстандын мамлекеттик тилинин ушул мамлекетте кадыресе колдонулушуна умтулуу аракетин демократиялык эмес атаган Орусиянын мыйзамында кандай? Ар ким каалаган тилди каалаган жерде колдонобу? Жок. Даана, так жазылган. “Россия Федерациясынын мамлекеттик тили жөнүндө” N 53-ФЗ федералдык мыйзамдын 3-беренесинде мамлекеттик орус тили милдеттүү түрдө колдонулуучу чөйрөлөр тизмектелет. Мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары гана эмес, менчигинин түрүнө карабастан бардык уюмдарда, шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө, сот өндүрүшүндө, билим берүүдө, маалымат каражаттарында, рекламада, кинозалдарда фильмдерди көрсөтүүдө, адабияттын, искусствонун чыгармаларын коомчулук алдында аткарууда, керектөөчүлөргө арналган товарларда, кызмат көрсөтүүдө, кыскасы коомдук, саясий, соода-экономикалык, маданий, интеллектуалдык, маданий турмуштун бардык чөйрөлөрүндө колдонулууга милдеттүү. Мыйзам 2005-жылы кабыл алынган (http://www.kremlin.ru/acts/bank/22441).

Кош стандарт

Азербайжан Республикасынын Конституциясында азербайжан тили гана мамлекеттик тил статусуна ээ. Орус тили улуттук азчылыктын тили катары эсептелет, расмий статуска ээ эмес. Бирок ошол эле Сергей Лавров “Азертадж” маалымат агенттигине берген интервьюсунда “Азербайжанда орус тилдүүлөр калктын 2% түзсө да, орус тили республикада чоң мааниге ээ, ондгон мектептерде окутуу орус тилинде жүргүзүлөт экен” деп канааттануусун билдирген.

Армениянын 1978-жылдагы советтик конституциясында эле армян тили мамлекеттик тил деген статуска ээ болчу. Кийин, 1993-жылдагы тил жөнүндө мыйзамда жана эгемендикке жеткендеги конституциясында армян тилинин мамлекеттик статусу бекемделет. Бардык чөйрөдө армян тили милдеттүү колдонулат деген жобо бар. Орус тилинин статусу мыйзамдарда көрсөтүлгөн эмес, улуттук азчылыктын тили катары гана эсептелет.

Казак тилинин мамлекеттик статусу биздики сыяктуу 1989-жылдагы мыйзамда, 1993-жылы кабыл алынган конституциясында белгиленген. Казак конституциясында оорус тили улут аралык баарлашуунун тили деп көрсөтүлгөн. Тажикстанда да орус тили улут аралык катнаштын тили, расмий, мамлекеттик деген статусу жок. Түркмөн конституциясында түркмөн тили мамлекеттик, орус тили – эне тилин билүүгө укуктуу улуттардын эне тилдеринин бири катары эсептелеинет, эч кандай артыкчылыгы, өзгөчөлүгү жок. 2000-жылдан тартып расмий иш кагаздары латын арибинде жазылат.

Өзбекстандын мамлекеттик тили өзбек тили. Орус тилинин статусу мыйзамдарда көрсөтүлгөн эмес, республиканын аймагында жашаган улуттук азчылыктын тили деген даражага ээ. Орус тили башка тилдерден айырмаланып, бир гана мыйзамда “Нотариалдык аракеттер тууралуу” мыйзамда өз алдынча эскерилет. Болду. Башка жерде эч кандай артыкча макамга ээ эмес.

Армян, грузин өз арибине ээ. Тажикстан менен Кыргызстанда башкасынын баары латын арибине өтүү аракетинде. Азербайжан менен Өзбекстан латын арибин колдонуу маселелери менен эбактан бери алек. Түрк тилдүү элдер үчүн бирдиктүү латын арибине өтүү боюнча Стамбулдагы эл аралык симпозиумда кабыл алынган принциптерге ылайык латын арибине негизделген казак алфавитинин 31 тамгадан турган долбоору даярдалууда. Латын арибине өтүү аракеттери окумуштуулардын, лингвисттердин илимий иши менен чектелбейт, расмий саясат, мамлекет башчыларынын жарлыгы менен ишке ашып жаткан реалдуу кадамдар. Концепциялары, мамлекеттик программалары, жөнгө салган тиешелүү ченемдик укуктук актылары бар. Кирилл арибинен латын арибине өтүү келбеске карай кадам, орус тил мейкиндигинен алыска карай жол. Бирок мындай аракеттердин бирине да Москва Кыргызстанга чычалагандай чычалабайт. Орус тилинин расмий статусу көп постсоветтик республикаларда жок экендигин мыйзамдарынан көрүнүп турат. Бирок орус бийлиги билмексен, көрмөксөн. Кыргызстанга келгенде эле итататайы тутула кетет орус элитасы, медиасы, саясатчылары. Себебин боолголоого болот, бирок так кесе жооп айтуу кыйын. Бери дегенде кош стандарт байкалып турат.

А чындыгында орус тилинин позициясы постсоветтик өлкөлөрдүн көбүнө караганда Кыргызстанда кыйла бекем, абалы дурус, ыдыктан алыс.

Постсоветтик аймактын басымдуу бөлүгүндө, айрыкча Борбордук Азияда орус тили илим, билимдин, эл аралык жана улут аралык катнаштын тили. Республикалардын көбүндө орус тектүүлөр улуттук азчылык, бирок орус тилин билгендер, билингвалдар арбын. Ал тургай түрк тилдүү элдер да бири бирин өз тилдеринде жакшы түшүнсө да, өз ара орус тилинде баарлашат. Көнгөн, жеңил. Тарыхый, маданий, менталдык факторлор менен катар экономикалык жагдайлар да орус тилинин ансыз деле бийик ролун сактап, бекемдеп турат. Борбор Азияда бизнес негизинен орусча сүйлөйт. Евразия экономикалык бирлиги орус тилдүү бирикме. Шанхай кызматташтыгы орус тили басымдуу уюм. Таалай издеп орусияда эмгектенгендер үчүн орус тили – тиричиликтин тили. Бул реалдуулук.

Орус тили Борбор Азияда кысымга кала турган тил эмес. Кыргызстандагы орус тилдүү серепчилер жазгандай, орус тили Москванын коргоосуна да муктаж эмес. Орус тили үндөөсү жок эле, үгүттөөсүз эле үйрөнө турган улуу тил. Бирок айрым бир серепчи аталгандар кырдаалды кейиштүү деп баалап, коомдук пикир жаратууга дамамат умтулуп келишет: “Русский язык в Киргизии выживает самостоятельно, без поддержки Центра” (https://www.ng.ru/cis/2023-07-24/5_8781_language.html).

Карабайсызбы, борбордон колдоо жок, эптеп күн көрүп келген тил имиш. Илгертеден келе жаткан жаман адат көрүнбөйбү, кашайып күүсү алигиче жана элек, жүрүшү ыкчам, басыгы катуу. Тээ илгери Кыргыз ССРинин баш калаасы Фрунзеде кыргыз мектебин ачуу тууралуу кеп козголгондо Москвадагы журналисттер катуу айбат көрсөтүп, ага республикада жашап, иштеген жоон топ жазмакейлер, интеллигенция атангандар ошол демилгени айткан инсандар тургай, бүтүндөй республиканы ур-тепкиге алган экен (Ч. Айтматов. Эне тил тагдыры. -Бишкек, 2009). Орус эли Борбор Азияда ыдык көргөн, көрө турган эл эмес. Орус улуту Борбор Азияда басмырлануу ызасын эч качан сезген эмес. Сезбейт дагы. Эч бир улут андай тагдырды каалабайт. Көптүккө салып, күчкө таянып, басмырлоого умтулуунун келечеги жок. Аны тарых нечен ирет

Кыргыз маданияты ушу өз жеринде өнүгө алат

Албетте, кыргыз тили камкордукка муктаж. Эл аралык баарлашуунун тилдери, улуу элдердин тилдери коргоого, колдоого муктаж да, улам тышкы душман менен кармаша берип, нечен азап-тозокту башынан кечирип отуруп, башка чукак, саны аз кыргыз элинин эне тили муктаж эмеспи. Элдин санын жападан жалгыз негиз кылбайлы. Англис, кытай, француз, испан, орус, кытай тилинде жүз миллиондогон жана миллиардаган адамдар сүйлөйт. Ушул тилдерди билүүгө калың эл умтулуп жатса да, бул тилдердин дүйнөлүк масштабдагы жана деӊгээлдеги расмий статуска ээ, бекем позициясы бар экенине карабай, Англия, Франция, Испания, Россия, Кытай өз мамлекеттеринин тилин өнүктүрүү, жайылтуу үчүн болгон аракетин көрүп келет.

1987-жылы 5-декабрда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов республикалык илимий-практикалык конференцияда терең ойлорун айткан экен. Ошонун бирин цитата келтирейин. “Көппүзбү, азбызбы – кеп анда эмес, кеп – биз жердеп турган жер кыргыз деген түптүү элдин чок борбору экенинде. Мына ушул жерде гана бизге мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Биздин улуттук маданиятыбыздын муктаждыктары жөнүндө сөз болгондо биерде силерден башка да улуттар жашайт деген мотивдерди каршы койгон адамдар да кездешет. Ырас, алар менен 100 жылдан ашуун убактыдан бери ынтымакта, эч кандай ыйкы-тыйкысыз, досторчо жашап келе жатабыз. Бирок алардын тилдери сакталып, өнүккөн, кубаттуу, негизги маданият борборлору бар. Немистердин аркасында бир эмес, эки Германия турат, өзбектердин болсо – бала бакчасы жана мектептер менен толук камсыз болгон өзбекстаны бар, дунгандардыкы – бүткүл Кытай, корейлердин да эки Кореясы бар.

А эгер кыргыз маданияты ушу өз жеринде өнүгө албаса, башка эч жерде өнүгө албайт. Мына ушул жагдайды дайыма эсте тутуу зарыл” (Ч. Айтматов. Эне тил тагдыры. -Бишкек, 2009). Орус тили бардык жерде өнүгө алат. Анткени тилди үйрөнүүдөгү негизги факторлор - бул мотивация, интенция, программа жана тажрыйба. Бул классикалык эреже, мыйзамченемдүүлүк. Ал эми орус тилине муктаждык жетиштүү, мотивация бар. Улуттук иденттүүлүгү проблемага айланып бараткан чет жердеги кыргыздар кыргыз тилин үйүндө гана колдонбосо, башка жерде колдоно албайт. Эне тилин өз алдынча, үйүндө же жеке менчик жекшембилик мектептерде гана үйрөнбөсө, мамлекеттик окуу жайларда атайы окутулбайт. Чет кыргыздаржын эне тилди билүүгө, окууга, сүйлөөгө укугу бар. Кыргыздар жашаган жердеги мамлекеттер улуттук азчылыктардын тили катары кыргыздардын тилине шарт түзүүгө, коргоого милдеттүү. Эл аралык конвенциялардын жана келишимдердин талабы ушундай. Албетте, эл аралык укук алсырап турган чак. Бирок да керек учурда бул жагдайды алака-мамиледе эске ала жүргөн туура. Айтуу керек, маселе козгоп туруу абзел. Дипломатия – ири алдыда сөз, эреже, мамиле, нарк.

  •  

Кыргыздын улам бир кармаштан аман калган урпактары өзүнөн алда канча көп, түмөн-түмөн калыӊ элдердин ичинде жутулуп кетпей, тарых бүктөмүндө жоголуп кетпей калышынын негизги себептеринин бири – бул мамлекети бар элдин, кокус чачыраса кайра эркин мамлекет куруу идеясы оюнан кетпеген, улам бир мууну ушул өтөлгөнү аткарууга башын байлаган кыргыз улутунун идентүүлүгүнүн түп башаты - тил. Кыргыз тили кыргыз жеринде гана өнүгө алат. Дал ушул жагдайды ичте бышыктап, сырт коомчулукка кенен түшүндүрүп, кайта-кайта айтып, суверендүү мамлекеттин мамлекеттик тилин мамлекеттик тил катары колдонууга жетишүү аракетин акыл-эстүүлүк менен көрмөгүбүз оң. Эмоция деӊгээлинде, декларация мүнөзүндө эмес, жоопкерчиликтүү, салмактуу саясат талап кылынат.

Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт

Алмаз Кулматов,

Президенттик администрациянын

этностук, диний саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси