2025-03-25 күнү жарыя болгон токтомдор

Кыргыз Республикасы
Баткен облусу
Лейлек району
Тогуз-Булак
айыл аймагынын айылдык Кенеши

Тегирменти –таза суу ИСКАКБсынын  2024-жылда аткарган иштерин кароо жана 2025-жылга карата бюджетин, таза сууга болгон тарифин бекитүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Баткенская область
Лейлекский район
айылный Кенеш Тогуз-Булакского айыльный аймака



Мин-Жыгач айылы Долоно көч.
Тел/факс: +996(3656)6-00-05
e-mail: Toguz-Bulak01101996@bk.ru
с.Мин-Жыгач ул.Долоно
Тел/факс: +996(3656)6-00-05
e-mail: Toguz-Bulak01101996@bk.ru
Тогуз-Булак айылдык Кенешинин 8–чакырылышынын кезектеги 1-сессиясынын
Т О К Т О М У

20-январь 2024-жыл
№ 5

Мин-Жыгач айылы
Тегирменти –таза суу ИСКАКБсынын 2024-жылда аткарган иштерин кароо жана 2025-жылга карата бюджетин, таза сууга болгон тарифин бекитүү жөнүндө
Тогуз-Булак айылдык кенешинин 8-чакырылышынын кезектеги 1-сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып
токтому кылат:

1.Тегирменти-таза суу ИСКАКБсынын төрагасы А.Сатыкуловдун 2024-жыл үчүн  берген билдирүүсү канаатандырарлык деп табылсын, 2025-жылдын бюджети жана ичүүчү сууга коюлган тарифи төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:

- Тегирменти таза суу ИСКАКБ сынын 2025-жылга суу керектөөчүлөргө бир жанга көчөдөн алган адамдарга бир айга 20 сомдон , мектеп окуучулары жана тарбияланып жаткан балдарга бир айга 10 сомдон, дүкөндөргө бир айга 20 сомдон жана коомдук , менчигинин түрүнө карабастан ишканалар үчүн таза сууга болгон төлөм өз ара келишимдин негизинде жүргүзүлсүн.

-Таза суу түтүгүн короосуна  киргизген  атуулдарга суу эсептегич орнотконго чейин таза суу акысы 24 саат токтобой агып тургандыгына байланыштуу айына 600 (алты жүз) сомдон бекитилсин.

-Таза сууну короосуна киргизген атуулдар, суу эсептегич орнотушсун.

-Көчөдө суу түтүгүнө жакын үй бүлөлөрдүн короосуна киргизилген суу түтүктөрү жана талапка жооп бербеген жеке менчик суу түтүктөрү кесилсин.

-Таза сууну сугат суу катары колдонууга тыюу салынсын.

-Кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу жана кээ бир кетирилген кемчиликтерди жоюу жагы ИСКАКБ синин жетекчилигине милдеттендирилсин.

2.Тегирменти таза суу ИСКАКБсынын 2025-жылга бюджети бекитилсин.

3.Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

Төрага:
К. Ражапов

Кыргыз Республикасы
Баткен облусу
Лейлек району
Тогуз-Булак
айыл аймагынын айылдык Кенеши

“ Тогуз-Булак  кызмат көрсөтүү муниципалдык мекемесинин”  2024-жылда аткарган иштерин кароо жана 2025-жылга карата бюджетин, кызмат көрсөтүүлөргө болгон тарифин бекитүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Баткенская область
Лейлекский район
айылный Кенеш Тогуз-Булакского айыльный аймака



Мин-Жыгач айылы Долоно көч.
Тел/факс: +996(3656)6-00-05
e-mail: Toguz-Bulak01101996@bk.ru
с.Мин-Жыгач ул.Долоно
Тел/факс: +996(3656)6-00-05
e-mail: Toguz-Bulak01101996@bk.ru
Тогуз-Булак айылдык Кенешинин 8–чакырылышынын кезектеги 1-сессиясынын
Т О К Т О М У

20-январь 2025-жыл
№ 6

Мин-Жыгач айылы
“ Тогуз-Булак кызмат көрсөтүү муниципалдык мекемесинин” 2024-жылда аткарган иштерин кароо жана 2025-жылга карата бюджетин, кызмат көрсөтүүлөргө болгон тарифин бекитүү жөнүндө
Тогуз-Булак айылдык кенешинин 8-чакырылышынын кезектеги 1-сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып
токтому кылат:

1. “Тогуз-Булак кызмат көрсөтүү муниципалдык мекемесинин” төрагасы С.Абдибаситовдун 2024-жыл үчүн  берген билдирүүсү канаатандырарлык деп табылсын, 2025-жылдын бюджети жана кызмат көрсөтүүлөргө коюлган тарифи төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:

- “Тогуз-Булак кызмат көрсөтүү муниципалдык мекемесинин” 2025-жылга,  таштанды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүсү, турак жайда жашаган ар бир жанга  бир айга 19 сомдон

- Мамлекеттик жана менчигинин түрүнө карабастан коомдук ишканалар үчүн, таштанды ташууга болгон төлөм өз ара келишимдин негизинде, атайын жүк ташуучу унаа менен алып чыгууга, бир каттам үчүн- 2722,0 сомдон

- Соода дүкөндөрүнөн таштанды ташып чыгаруу, дүкөндүн чарчы метрине карата, 1 чарчы метр жерге- 20,0  сомдон бекитилсин.

-Уруксатсыз белгиленбеген жерге таштанды таштагандар , короосунда таштанды өрттөгөндөргө (жалбырактарды, катуу таштанды калдыктарын) Кыргыз Республикасынын Бузуулар боюнча Кодексине ылайык айып пул салынсын.

2. “Тогуз-Булак кызмат көрсөтүү муниципалдык мекемесинин” 2025-жылга тарификациясы  №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. “Тогуз-Булак кызмат көрсөтүү муниципалдык мекемесинин 2025-жылга бюджети бекитилсин.

4. Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

Төрага:
К. Ражапов

Кыргыз Республикасы
Баткен облусу
Лейлек району
Тогуз-Булак
айыл аймагынын айылдык Кенеши

“ Айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардагы ички арыктарды, Лейлек районунун суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүп берүү  жөнүндө”

Кыргызская Республика
Баткенская область
Лейлекский район
айылный Кенеш Тогуз-Булакского айыльный аймака



Мин-Жыгач айылы Долоно көч.
Тел/факс: +996(3656)6-00-05
e-mail: Toguz-Bulak01101996@bk.ru
с.Мин-Жыгач ул.Долоно
Тел/факс: +996(3656)6-00-05
e-mail: Toguz-Bulak01101996@bk.ru
Тогуз-Булак айылдык Кенешинин 8–чакырылышынын кезектеги 1-сессиясынын
Т О К Т О М У

20-март 2025-жыл
№ 11

Мин-Жыгач айылы
“ Айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардагы ички арыктарды, Лейлек районунун суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүп берүү жөнүндө”
Тогуз-Булак айыл аймагынын айылдарындагы ички арыктарды Лейлек районунун суу чарба башкармалыгынын ээлигине (балансына) өткөрүп берүү жөнүндө маселени талкуулап чыгып Тогуз-Булак айылдык Кенешини 8-чакырылышынын кезексиз 3-сессиясы
токтому кылат:

  1. Тогуз-Булак айыл аймагынын Кара-Булак , Айбике, Ай-Көл, Арча-Бешик, Миӊ-Жыгач, Бөзөгүл, Тогуз-Булак  айылдарындагы  жана жаӊы конуштарындагы  узундугу жалпы:  21 600 метр, аянты  2,59 га жер тилкесин  түзгөн  ички арыктар,  жер астына көмүлгөн полиетилен  сугат суу түтүктөрү узундугу  жалпы: 6723,75 метр жана темир сугат суу  түтүктөрү жалпы: 2518,04 метрди түзгөн түтүктөр Лейлек районунун суу чарба башкармалыгынын эсебине (балансына)  өткөрүлүп берилсин.
  2. Токтомдун аткарылуу жагы Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Рахмановго тапшырылсын.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Төрага:
К. Ражапов

Кыргыз Республикасы
Баткен облусу
Лейлек району
Тогуз-Булак
айыл аймагынын айылдык Кенеши

“ Айыл өкмөтүнүн Аксакалдар сотторунун Типтүү регламентин бекитүү  жөнүндө”

Кыргызская Республика
Баткенская область
Лейлекский район
айылный Кенеш Тогуз-Булакского айыльный аймака



Мин-Жыгач айылы Долоно көч.
Тел/факс: +996(3656)6-00-05
e-mail: Toguz-Bulak01101996@bk.ru
с.Мин-Жыгач ул.Долоно
Тел/факс: +996(3656)6-00-05
e-mail: Toguz-Bulak01101996@bk.ru
Тогуз-Булак айылдык Кенешинин 8–чакырылышынын кезексиз 3-сессиясынын
Т О К Т О М У

07-март 2025-жыл
№ 12

Мин-Жыгач айылы
“ Айыл өкмөтүнүн Аксакалдар сотторунун Типтүү регламентин бекитүү жөнүндө”
Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн Аксакалдар сотторунун Типтүү регламентин бекитип берүү жөнүндө маселени талкуулап чыгып Тогуз-Булак айылдык Кенешини 8-чакырылышынын кезексиз 3-сессиясы
токтому кылат:

  1. “Аксакалдар соттору жөнүндө” Кыргыз Ремпубликасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 3-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 токтомунун 1-тиркемесинин 21- пунктунун  4-пунктчасына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №258 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө токтомунун 12-пунктуна жана  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин,  2024-жылдын 17-декабрындагы №01-25/342 буйругуна ылайык, Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн “Аксакалдар сотторунун типтүү регламенти” бекитилсин.
  2. Токтом айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялансын жана К.Р  Адилет Министрлигин Баткен облустук башкармалыгынан каттонон өткөрүлсүн.
  1. Токтомдун аткарылуу жагы Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Рахмановго тапшырылсын.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Төрага:
К. Ражапов

Кыргыз Республикасы
Баткен облусу
Лейлек району
Тогуз-Булак
айыл аймагынын айылдык Кенеши

“2025-жылдын жазгы күзгү талаа жумуштарында айыл өкмөтүнүн аймагында жазгы талаа иштеринде иштеген техникаларга жана субай мал багуучу малчылардын акыларын бекитип  берүү  жөнүндө”

Кыргызская Республика
Баткенская область
Лейлекский район
айылный Кенеш Тогуз-Булакского айыльный аймака



Мин-Жыгач айылы Долоно көч.
Тел/факс: +996(3656)6-00-05
e-mail: Toguz-Bulak01101996@bk.ru
с.Мин-Жыгач ул.Долоно
Тел/факс: +996(3656)6-00-05
e-mail: Toguz-Bulak01101996@bk.ru
Тогуз-Булак айылдык Кенешинин 8–чакырылышынын кезексиз 3-сессиясынын
Т О К Т О М У

07-март 2025-жыл
№ 13

Мин-Жыгач айылы
“2025-жылдын жазгы күзгү талаа жумуштарында айыл өкмөтүнүн аймагында жазгы талаа иштеринде иштеген техникаларга жана субай мал багуучу малчылардын акыларын бекитип берүү жөнүндө”
Тогуз-Булак айыл аймагынын 2025-жылдын жазгы күзгү талаа жумуштарында, калктын жерлерин айдоо, себүү, орууга бирдей нарк коюп берүү, субай мал багуучу малчылардын акыларын бекитип берүү жөнүндө маселени талкуулап чыгып Тогуз-Булак айылдык Кенешини 8-чакырылышынын кезексиз 3-сессиясы
токтому кылат:

  1. Жазгы талаа жумуштарында,  айыл өкмөтүнүн аймагында калктын жерин айдоо, себүү, оруу ж.б жумуштарында  эмгектенген механизаторлордун акысы төмөнкүдөй болуп бекитилсин.
  1. 1 га жерди трактор менен айдоо- 3600 сом
  2. 1 га жерге атайын үрөн сепкич (маласы бар) менен үрөн себүү-1700 сом
  3. 1 га жерге атайын үрөн сепкич (маласы жок) менен үрөн себүү-1400 сом
  4. Комбайн менен эгин оруу 1 га жер-3200 сом
  5. Чөп оруу (косилка) 1 га жер-1600 сом
  6. Чөп жыйноо (гравиль) 1 га жер-1500 сом
  7. Чөп таӊгактоо 1 даанасы -22 сом
  8. Атайын чөп чабуучу комбайн (жадка)  менен чөп чабуу 1 га жер-2800 сом
  1. Субай малдарды жана майда малдарды багуу кызматын көрсөтүү
  1. Жылкы багуу 1 айга бир баш жылкыга-800 сом
  2. Ири мүйүздүү малдарды багуу 1 айга  бир башка-1000 сомдон 1500 сомго чейин.
  3. Майда малдарды 1 айга багуу 1 башка-150 сомдон 200 сомго чейин.
  4. Бир күнгө элдин малын багуу (кезметке чыгуу) -700 сом
  1. Жазгы талаа жумуштарында техникалардын акысын, субай малдарды багууда малдардын акысын, Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн жайыт жерлерине, айыл өкмөтүнөн сырттан келген  малдарды көзөмөлдөө максатында төмөнкү курамда комиссия түзүлсүн.

1) Норузов Абдирасул-а/К депутаты төрага

Мүчөлөрү:

2) Халбеков Иметкул- жайыт инспектору

3) Ормонов Борубек- а/К депутаты

4) Каримов Омурбек- а/К депутаты

5) Кадыров Алимбек- вет.инспектор

6) Сулайманкулов Чолпонкул- Кара-Булак айылынын айыл башчысы

7) Орунов Жеӊишбек-Айбике айылынын айыл башчысы

8)Мисиров Анарбек-Ай-Көл, Арча-Бешик айылдарынын айыл башчысы

9) Садыков Манасбек-Тогуз-Булак айылынын айыл башчысы

10) Участкалык инспекторлор айылы боюнча шартка жараша кошулсун.

  1. Токтомдун аткарылуу жагы Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Рахмановго тапшырылсын.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Төрага:
К. Ражапов

Кыргыз Республикасы
Баткен облусу
Лейлек району
Тогуз-Булак
айыл аймагынын айылдык Кенеши

“Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын  ставкасынын чоӊдугун бекитип берүү  жөнүндө”

Кыргызская Республика
Баткенская область
Лейлекский район
айылный Кенеш Тогуз-Булакского айыльный аймака



Мин-Жыгач айылы Долоно көч.
Тел/факс: +996(3656)6-00-05
e-mail: Toguz-Bulak01101996@bk.ru
с.Мин-Жыгач ул.Долоно
Тел/факс: +996(3656)6-00-05
e-mail: Toguz-Bulak01101996@bk.ru
Тогуз-Булак айылдык Кенешинин 8–чакырылышынын кезексиз 3-сессиясынын
Т О К Т О М У

07-март 2025-жыл
№ 14

Мин-Жыгач айылы
“Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасынын чоӊдугун бекитип берүү жөнүндө”
Тогуз-Булак айыл аймагынын айылдарындагы калктуу конуштардагы таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасынын чоӊдугун бекитип берүү жөнүндө маселени талкуулап чыгып Тогуз-Булак айылдык Кенешини 8-чакырылышынын кезексиз 3-сессиясы
токтому кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын  2018-жылдын  10-августундагы № 89 Мыйзамы менен пайдаланууга киргизилген  Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 24- главасына ылайык “Калктуу конуштардын таштандыларын  ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасынын чондугун бекитүү жөнүндө” сунушка  айылдык Кеӊештин депутаттарынын  каршы  добушу менен макулдук берилбесин.
  1. Токтомдун аткарылуу жагы Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Рахмановго тапшырылсын.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Төрага:
К. Ражапов

Кыргыз Республикасы
Баткен облусу
Лейлек району
Тогуз-Булак
айыл аймагынын айылдык Кенеши

“ Жарандардан келип түшкөн арыз даттануу жана мекеме уюмдардан түшкөн сунуш пикирлерди кароо  жөнүндө”

Кыргызская Республика
Баткенская область
Лейлекский район
айылный Кенеш Тогуз-Булакского айыльный аймака



Мин-Жыгач айылы Долоно көч.
Тел/факс: +996(3656)6-00-05
e-mail: Toguz-Bulak01101996@bk.ru
с.Мин-Жыгач ул.Долоно
Тел/факс: +996(3656)6-00-05
e-mail: Toguz-Bulak01101996@bk.ru
Тогуз-Булак айылдык Кенешинин 8–чакырылышынын кезексиз 3-сессиясынын
Т О К Т О М У

07-март 2025-жыл
№ 15

Мин-Жыгач айылы
“ Жарандардан келип түшкөн арыз даттануу жана мекеме уюмдардан түшкөн сунуш пикирлерди кароо жөнүндө”
Тогуз-Булак айыл аймагынын жарандарынан келип түшкөн арыз даттануу жана мекеме уюмдардан түшкөн сунуш пикирлерди кароо боюнча маселени талкуулап чыгып Тогуз-Булак айылдык Кенешини 8-чакырылышынын кезексиз 3-сессиясы
токтому кылат:

  1. Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн Кыргызстандын 50 жылдыгы (миӊ-Жыгач) айылынын тургуну Ганыбек уулу Уланбекке “Уланбек” аталышындагы  айыл чарба  үрөнчүлүк кооперавин  түзүүсүнө макулдук берилсин.
  2. БУУ нун Айыл чарба жана  Азык түлүк  Программасынын алкагында, “СРМТ” айыл чарба коммерсиялык коопертивинин арызынын негизинде, сугат суу скважинасын булгулоого, Ай-Көл айылынын Даана участкасындагы 300,0 кв. м жайыт жерди, жайыт жер багытынан өнөр жай ишканаларын куруу багытына которуу максатында  Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын алдындагы комиссияга макулдук  берилсин.
  3. Токтомдун аткарылуу жагы Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Рахмановго тапшырылсын.

 

Төрага:
К. Ражапов

Кыргыз Республикасы
Баткен облусу
Лейлек району
Тогуз-Булак
айыл аймагынын айылдык Кенеши

“Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын резерв мүчөлөрүн бекитүү  жөнүндө”

Кыргызская Республика
Баткенская область
Лейлекский район
айылный Кенеш Тогуз-Булакского айыльный аймака



Мин-Жыгач айылы Долоно көч.
Тел/факс: +996(3656)6-00-05
e-mail: Toguz-Bulak01101996@bk.ru
с.Мин-Жыгач ул.Долоно
Тел/факс: +996(3656)6-00-05
e-mail: Toguz-Bulak01101996@bk.ru
Тогуз-Булак айылдык Кенешинин 8–чакырылышынын кезексиз 4-сессиясынын
Т О К Т О М У

19-март 2025-жыл
№ 16

Мин-Жыгач айылы
“Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын резерв мүчөлөрүн бекитүү жөнүндө”
Жогоруда көрсөтүлгөн маселени талкуулап чыгып Тогуз-Булак айылдык Кенешини 8-чакырылышынын кезексиз 4-сессиясы
токтому кылат:

1.Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы участкалык  шайлоо комиссияларынын курамына резерв мүчөлүкө төмөнкү жарандар №1-2-3-4-5 тиркемелерге ылайык бекитилсин.

1) 80-31 Кара-Булак  участкалык шайлоо комиссиясынын резерв мүчөлүгүнө төмөнкү жарандар №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

2) 80-32 Миӊ-Жыгач  участкалык шайлоо комиссиясынын резерв мүчөлүгүнө төмөнкү жарандар №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.

3) 80-33 Маданият участкалык шайлоо комиссиясынын резерв мүчөлүгүнө төмөнкү жарандар №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.

4) 80-34 Ай-Көл участкалык шайлоо комиссиясынын резерв мүчөлүгүнө төмөнкү жарандар №4 тиркемеге ылайык бекитилсин.

5) 81-84 Тогуз-Булак  участкалык шайлоо комиссиясынын резерв мүчөлүгүнө төмөнкү жарандар №5 тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Суралсын Лейлек Аймактык Шайлоо Комиссиясынан,  жогоруда айыл өкмөтүнүн аймагындагы,  участкалык шайлоо комиссияларынын,  резерв мүчөлүгүнө көрсөтүлгөн жарандардын тизмесин бекитип берүү жагы.

3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Рахмановго тапшырылсын.

 

Төрага:
К. Ражапов