Баткен облусу, Лейлек району Мин-Жыгач айылы Долоно көч. +996(3656)6-00-05 Toguz-Bulak01101996@bk.ru

2025-02-20 күнү жарыя болгон токтомдор

1. Тогуз-Булак айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча өткөрүлгөн жабык шайлоодо,  эсептөө комиссиясынын №1- протоколунун негизинде: айылдык Кеңештин төрагалыгына көрсөтүлгөн талапкерлер

1. Жоробаев Ысманали Раимбердиевич- 9 добуш алып

2. Ражапов Каныбек Сатыбалдыевич-12 добуш алышып, айылдык Кеңештин депутаттарынын 3/2 добушун ала албай калгандыктан , ачык добуш берүүдө айылдык Кеңештин депутаттарынын көпчүлүк 19 добушун алган депутат Ражапов Каныбек Сатыбалдыевич айылдык Кеңештин төрагасы болуп шайлансын.

2.Токтомду Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн toguz-bulak.gov.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын  ченемдик  укуктук  актыларын  мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

1. Тогуз-Булак айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча өткөрүлгөн ачык  шайлоодо, Айылдык Кеңештин төрагасынын орун басарына көрсөтүлгөн талапкерлер

1.Жоробаев Ысманали Раимбердиевич- 7 добуш

2.Файзуллаева Раат Шайдуллаевна -16 добуш алышып , айылдык Кеңештин депутаттарынын  ачык добуш берүүдө,  көпчүлүк  добушун алган депутат Файзуллаева Раат Шайдуллаевна  айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары  болуп шайлансын.

2. Айылдык Кеӊештин  жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын курамы:

1) Абдисамат у Мовлидин- төрага

2) Карабаев Алишер- мүчө

3) Новрузов Абдирасул- мүчө

4) Каримов Омурбек- мүчө

5) Камалова Райхан-мүчө

3. Айылдык Кеӊештин муниципалдык жерлер боюнча туруктуу комиссиянын курамы:

1) Ормонов Борукул- төрага

2) Ормонов  Абдибали- мүчө

3) Абдиева  Феруза- мүчө

3. Айылдык Кеӊештин  социалдык маселелер  боюнча туруктуу комиссиянын курамы:

1) Сулайманова Жылдызай- төрайымы

2) Карабаев Алишер- мүчө

3) Сыдыкова Максатай- мүчө

4) Ажибаева Батма- мүчө

5) Осмонова Райхан- мүчө

4. Айылдык Кеӊештин бюджет, экономикалык ж.б маселелер боюнча туруктуу комиссиянын  курамы:

1) Жоробаев Ысманали- төрага

2) Джураев Негмат- мүчө

3)Кудайбердиева Бурмакан- мүчө

4) Абдысаитов Бекжума- мүчө

5) Ажибаева Батма- мүчө

6) Каримов Омурбек- мүчө

7) Ганыева Ижабат- мүчө

5. Жаштар иштери, спорт жана маданий иш чаралар боюнча туруктуу комиссиянын курамы:

1) Мансуров Акжол- төрага

2) Абдисамат у Мовлидин- мүчө

3) Исманова Гулмира- мүчө

4) Каримов Омурбек- мүчө

6. Жогоруда көрсөтүлгөн туруктуу комиссиялардын жылдык иш планын иштеп чыгуу жагы туруктуу комиссиялардын  төрагаларына тапшырылсын.

7.Туруктуу комиссиялар менен иш алып баруу жагы айылдык кеӊештин төрагасынын орун басары  Р.Файзуллаевага  милдеттендирилсин.

  1. Жергиликтүү жамааттардын өкүлчүлүктүү жыйындарынан өкүлдөрдү шайлоо графиги (Өкүлчүлуктүү жыйындын убактысы жана өтүү жери, өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу өкүлдөрдүн саны,өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү боюнча жергиликтүү жамаатарды тиешелүү аймактык бөлүмдөргө бөлүү ченемдери, жыйындарды өткөрүү графиги жана өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүү боюнча жооптуу айылдык Кеңештин депутаттарынын тизмеси тиркемеде көрсөтүлгөн таблицага ылайык бекитилсин (Тиркеме №1) .
  2.  Өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы тиркемеге ылайык бекитилсин. (Тиркеме №2)
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Рахмановго  милдеттендирилисин                      

 

  1. Айыл өкмөтүнүн  Миӊ-Жыгач айылынын тургуну Ганыбек у Уланбекке “Таш-Булак” атындагы айыл чарба кооперативин ачууга  макулдук берилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

  1. Тогуз-Булак айыл аймагынын артыкчылыктуу долбоорлорунун тизмеги тиркемелерге ылайык бекитилсин.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин бюджет, экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын жана аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн Финансы Экономика Бөлүмүнө милдеттендирилсин.

 

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2024-жылдын 4-сентябрындагы №22-1-12/8684 сандуу көрсөтмөсүнүн негизинде. 2022-жылдын 18-январындагы “Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын №4 Мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 398-беренесинин 3,4- пунктуна жана 404-беренесинин 4-пунктуна ылайык Тогуз-Булак айыл аймагынындагы үй жанындагы короо жай жана багбанчылык-чарбак жер участокторуна жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге мүлк салыгынын зоналдык коеффициенттери төмөнкүдөй болуп  бекитилсин.

  1. Тамарка салыгына  Кз-1 коеффициенти .
  2. Айыл чарбасына арналбаган жер салыгына Кз-1 коеффициенти.

2. Бул токтом 2025-жылдын 1-январынан күчүнө кирсин.

3. Токтомду бекитип берүү жагы К.Р Адилет Министрлигинин Баткен облустук бөлүмүнөн суралсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин бюджет, экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын жана аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн Финансы Экономика Бөлүмүнө милдеттендирилсин.

 

  1. Айыл өкмөтүнүн аймагында кылмыштуулуктун, укук бузуулардын алдын алуу жана калкка сервистик тейлөө көрсөтүү максатында, Лейлек РИИБ нүн  Катраң аймактык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлерине Миң-Жыгач айылынын борборунан, жергиликтүү милиция бөлүмүнүн имаратын курууга 800,0 кв.м жер ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
  2. Кара-Булак №4 ҮБДТ нун имаратынын айланасын тосууга каражат сураган кайрылуусу, айылдын инфраструктурасын көтөрүүгө каралган каражаттан каралсын.
  3. Миң-Жыгач айылдык Маданият үйүнө музыкалык аппараттарды алуу боюнча кайрылуусуна- 100,0 м.с бөлүнүп берилсин.
  4. Айылдык ден соолук комитеттерине, тонометр ж.б керек жарактарды алуу боюнча кайрылуусуна каражат каралып берилсин.
  5. Арча-Бешик айылындагы ФАП тун айланасын тосууга каражат сураган кайрылуусу, айылдын инфраструктурасын көтөрүүгө каралган каражаттан каралсын .
  6. Кара-Булак айылынын Манас-1000 көчөсүнө кум шагыл төшөө жана түнкү жарыктандыруу орнотуу боюнча тургундардын кайрылуусу, айыл өкмөтү боюнча айылдардын көчөлөрүнө кум шагыл төшөөдө жана түнкү жарыктандырууларды орнотууда, оңдоп чыгууда каралсын.
  7. Алтын-Бешик балдардын эс алуу лагеринин оңдоо жаңылоо иштерине айыл өкмөтүнөн 200,0 м.с сураган кайрылуусу, мыйзамсыз болгондуктан каралбасын.
  8. “Нур” МЧББМ синин тарбиялдануучулар үчүн саябан куруу жана таза суу түтүгүн киргизип берүү боюнча кайрылуусу, Таза суу түтүгүн киргизип берүү  Тегирменти таза суу ИСКАКБ нин  жетекчиси А.Сатыкуловго милдеттендирилет.
  9. Аялдар Кеңешинин жылдык иш чараларын өткөрүүгө 70,0 м.с берилсин.
  10. Миң-Жыгач айылынын Човот көчөсүнүн жашоочуларынын, сугат сууну Тогуз-Булак айылынын сугат суу түтүгүнө өзүнчө винтиль коюп кошуп берүү боюнча кайрылуусу, коомдук угууларда чечилсин.
  11. Кара-Булак орто мектебинин кызматтык үйүнүн чатырын алмаштырууга 251,8 м.с каралсын.
  12. Кара-Булак орто мектебинин кызматтык үйүнүн муниципалдык менчикке каттоого жана жерин тактоого, курамы муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиянан, Кара-Булак айылдык депуттарынан, айыл өкмөтүнөн, Кадастр мекемесинин кызматкерлеринен  болуп  комиссия түзүлсүн жана мыйзам чегинде жерин тактоо  иштерин жүргүзүшсүн.
  13. Аярым МЧББМ нин жылуулук системасын алмаштырууга донорлорду издөө жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
  14. Ак-тайлак Айбике ИСКАКБ нин таза сууга болгон кызмат көрсөтүүсүнө жан башына тариф 20 сомдон бекитилсин. Ак тайлактагы булактын айланасын тосууга ж.б иштерине , резервуарды тазалоого колдоо катары 250,0 м.с берилсин.
  15. Жеке ишкерлик ишканаларын ачууга жер сураган Бозогүл айылынан Джумаева Роза, Айбике айылынан Разыков Адыл Кекире уч. Тогуз-Булак айылынан Абдибасит у Баяман Ош Раззаков чоң жолунун боюнан жана Кара-Булак айылынан Ормонов Борубек  Дөң участкасынан 1000,0 кв. м жер.

      Жогоруда жарандар сураган жерлерди жайыт жерлер категориясынан өнөр жай ишканаларын ачуу багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.

  1. Бөзөгүл а. Бөзөгүл участкасынан-
  2. Айбике а. Кекире участкасынан
  3. Тогуз-Булак айылындагы Ош Раззаков чоң жолунун боюндагы жерлер
  4. Кара-Булак а.Дөн участкасы
  1. Кутурма оорусунун жана башка жугуштуу ооруулардын алдын алуу максатында, айыл өкмөтүнүн аймагында карышкыр, чөө бөрү жана бөлтүрүк аткан мергенчилерге төмөнкүдөй акча каражаты, айыл өкмөтүнөн сыйлык катары берилсин.
  1. Чоң карышкырга- 8000 (сегиз миң) сом
  2. Чөө бөрүгө-3000 (үч миң) сом
  3. Бөлтүрүкө-3000 (үч миң) сом
  1. Айыл өкмөтүнүн аймагында онкологиялык оорулар жана кургак учук менен ооруган атуулдарга, ҮБТ борборунун жолдомо катынын негизинде, 10 000 (он миң) сом дарылануусуна жана  жол киресине соц.жардам катары берилсин.  Ошондой эле айыл өкмөтүнөн социалдык жардам сурап кайрылган атуулдарга, муктаждыгына карай, атайын комиссия тарабынан аныкталып, 3000 сомдон 10 000 сомго чейинки аралыкта жардам берилсин.
  2. Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн ЖПБ нин кошумча чарбасына колдоо катары  берилген жерден түшкөн арпасын калкка сатууга жана УТО тракторунун кошумча шаймандары менен ижарага берүүгө төмөнкүдөй баа бекитилсин
  1. 1 кг арпага 20 сом
  2. УТО тракторун кошумча шаймандары менен 1 жылга ижарага берүү        70 000 (жетимиш миң) сом. Трактордун кошумча оңдоп түзөө иштери жана майлоочу, күйүүчү майлар менен камсыздоо жагы ижарачыга жүктөлсүн.
  1. Афган согушунун ардагери Э.Кудайбердиевге көп жылдык үзүрлүү эмгегин эске алып жана Афганистандан Совет жоокерлеринин чыгарылгандыгынын 36 жылдыгына карата 10 000 (он миң) сом сыйлык менен сыйлансын.
  2. Айылдык Кеңештин депутаты Ы.Жоробаевке катуу ооруп жаткандыгына байланыштуу 10 000 (он миң) сом социалдык жардам катары берилсин.
  3. Ай-Көл айылынын тургуну О.Каримовго айыл чарба кооперативин түзүүгө макулдук берилсин.

     

3.Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

  1.  Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн 2024-жылда курулуш тармагында, социалдык-экономикалык тармактарда аткарган иштерине канаатандырарлык деген баа берилсин.
  2. 2025-жылда айыл өкмөтүнүн мындан ары да курулуш, социалдык- экономикалык тармактарда өркүндөтүү, алга сүрөө жагы көңүлгө алынсын.
  3. Токтомдун аткарууга алынуусу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Рахмановго милдеттендирилсин.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.

 

1. 2025-2027-жылдарга карата Тогуз-Булак айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы  тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Программада камтылган иш-чарлардын аткарылышын камсыз кылуу жагы Тогуз-Булак айыл аймагынын  айыл өкмөт башчысы  А.Рахмановго тапшырылсын.

 3. Ушул токтом каттоого алынсын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Тогуз-Булак айылдык кеңешинин бюджет,экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

  1. Тогуз-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинине 2024-жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетине жыл ичинде өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен жалпы жыл ичиндеги бюджет 454402,8 миӊ.сом эсебинде киреше чыгашалары №1-2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Тогуз-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин 2025-жылдын бюджетинин киреше чыгашалары 31712,7 миӊ сом өлчөмүндө №3-4- тиркемеге ылайык бекитилсин.
  3. Тогуз-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин 2026-жылга жергиликтүү бюджетинин долбоорунун  киреше чыгашаларынын негизги көрсөткүчтөрү  32783,7   миӊ сом, 2027-жылга 34133,7 миӊ сом  өлчөмүндө №5- тиркемеге ылайык жактырылсын.
  4. 2025-жылга Республикалык бюджеттен берилүүчү теӊдештирүүчү гранттардын өлчөмдөрү каралып, биринчи кезекте эмгек акы, социалдык фондго, коммуналдык чыгымдарга чыгымдала тургандыгы белгиленсин, алардын өлчөмдөрү №6-тиркемеге, жергиликтүү салыктардын нормативдери №7-тиркемеге ылайык бекитилсин.
  5. Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Лейлек башкармалыгынын казына бөлүмү аркылуу Тогуз-Булак айылдык Кеӊешинин аймагынан чогулган салыктар,жыйымдар жана атайын каражаттар Тогуз-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин эсебине топтоштурулуп чыгымдалышына жетишилсин.Тогуз-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин администрациясына жергиликтүү бюджеттердин кирешелерин көбөйтүү боюнча иш чараларды үзгүлтүксүз жүргүзүү жагы тапшырылсын.
  6. 2025-жылга Тогуз-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин бюджетинин чыгымдарын каржылоо, анын киреше бөлүгүнүн аткарылышына жараша жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин, анын ичинен биринчи кезекте корголуучу статьялар боюнча (эмгек акыларды төлөө, социалдык фондго чегерүү, коммуналдык кызматтарга, дары дармек жана тамак аш сатып алууга)
  7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекекеттик администрация жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Тогуз-Булак айылдык Округунун аймагындагы айылдык социалдык коргоо жактан жеӊилдиктер, граждандык коргонуу Тогуз-Булак айылдык Округунун бюджетинен каржылансын.
  8. 2025-жылдын 1-январына бюджеттик каражаттардын калган 4144604,90 (төрт миллион бир жүз кырктөрт миӊ алты жүз төрт сом 90 тыйын) сом акча каражаттарынын сметасы №8-тиркемеге ылайык бекитилсин.
  9. Тогуз-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин 2024-жылда каржыланбай калган чыгымдары 2025-жылга каралган бюджетинин чегинде каржылансын.
  10. Тогуз-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин бюджетине киргизилген өзгөртүүлөр айылдык Кеӊештин сессиясында жактырылгандан кийин аткарууга алынары белгиленсин.
  11. Тогуз-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин бюджети боюнча 2025-жылдын 1-январына карата жүргүзүлүүчү кассалык накталай акча 50 миӊ сом суммасында белгиленсин.
  12. Тогуз-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин 2025-жылга кабыл алынган бюджети 2025-жылдын 1-январынан баштап ишке киргизилсин.
  13. 2025-жыл ичинде Тогуз-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин бюджетинин үнөмдөлгөн акча каражаттары жана иштетилбей турган статьялардагы акча каражаттары иштетүүчү статьяларга Тогуз-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин буйругунун жана справка-уведомлениесинин негизинде жылдырылып чыгаша кылуу жагы камсыздалсын.
  14. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы депутаттардын Тогуз-Булак айылдык Кеӊешинин бюджет- экономика финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

1.Тегирменти-таза суу ИСКАКБсынын төрагасы А.Сатыкуловдун 2024-жыл үчүн  берген билдирүүсү канаатандырарлык деп табылсын, 2025-жылдын бюджети жана ичүүчү сууга коюлган тарифи төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:

2.Тегирменти таза суу ИСКАКБсынын 2025-жылга бюджети бекитилсин.

3.Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

1.”Тогуз-Булак кызмат көрсөтүү муниципалдык мекемесинин” төрагасы С.Абдибаситовдун 2024-жыл үчүн  берген билдирүүсү канаатандырарлык деп табылсын, 2025-жылдын бюджети жана кызмат көрсөтүүлөргө коюлган тарифи төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:

“Тогуз-Булак кызмат көрсөтүү муниципалдык мекемесинин” 2025-жылга,  таштанды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүсү, турак жайда жашаган ар бир жанга  бир айга 19 сомдон

-   Мамлекеттик жана менчигинин түрүнө карабастан коомдук ишканалар үчүн, таштанды ташууга болгон төлөм өз ара келишимдин негизинде, атайын жүк ташуучу унаа менен алып чыгууга, бир каттам үчүн- 2722,0 сомдон

-   Соода дүкөндөрүнөн таштанды ташып чыгаруу, дүкөндүн чарчы метрине карата, 1 чарчы метр жерге- 20,0  сомдон бекитилсин.

Уруксатсыз белгиленбеген жерге таштанды таштагандар , короосунда таштанды өрттөгөндөргө (жалбырактарды, катуу таштанды калдыктарын) Кыргыз Республикасынын Бузуулар боюнча Кодексине ылайык айып пул салынсын.

2.      “Тогуз-Булак кызмат көрсөтүү муниципалдык мекемесинин” 2025-жылга тарификациясы  №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3.      “Тогуз-Булак кызмат көрсөтүү муниципалдык мекемесинин 2025-жылга бюджети бекитилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

  1.  Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы тарыхий- маданий мурас обьектилери эстелик катары таанылып коргоого алынсын.
  2. Токтомдун аткарууга алынуусу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Рахмановго милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.

 

  1. “Тогуз-Булак-элге кызмат көрсөтүү” муниципалдык ишканасынын уставына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берилсин.
  1.  Ушул токтом каттоого алынсын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
  2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Тогуз-Булак айылдык кеңешинин бюджет,экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Ушул токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын анык экендиги жана, мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.

 

  1. “Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” К.Р нын Мыйзамынын 14-пунктуна кирген маселелерди ишке ашыруу, К.Р нын Салык Кодексинин 379-беренесинин 1-пунктунун 1-бөлүмчөсүнө ылайык турак жай имараттарына эсептелинүүчү салык ставкаларынын коеффициенттери, Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн аймагында, калктын саны он миң кишинен жогору болгондугана байланыштуу төмөнкүдөй болуп  бекитилсин. К.Р нын Салык Кодексинин 379-беренесинин 3-пунктуна ылайык жогоруда көрсөтүлгөн салык ставкалары 3 жылда бир жолу каралсын.
  1. 2025-жылдын 1-январынан 2027-жылдын 31-декабрына чейин турак жайларга мыйзамда көрсөтүлгөндөй 1 чарчы метр жерге 10 сомдон салыктын ставкасы бекитилсин.
  1. Токтомду бекитип берүү жагы К.Р Адилет Министрлигинин Баткен облустук бөлүмүнөн суралсын.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин бюджет, экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын жана аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн Финансы Экономика Бөлүмүнө милдеттендирилсин.

 

  1.  Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук Мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын 2021 аскер бөлүгүнө ижарага берилген 11,0 (он бир) га жердин ижара мөөнөтү аяктагандыгына байлланыштуу кайрадан 5(беш) жылга узартылып берилсин.
  2. Ай-Көл айылынын тургуну Карабашова Атыргүлдүн жазган арызынын негизинде социалдык жардам катары 6000 (алты миң) сом социалдык жардам катары берилсин.
  3. Миң-Жыгач айылынын Юлдашов көчөсүнүн жашоочуларынын сугат суу түтүгүн алууга жардам сураган маселеси жеринде каралып айыл тургундарынын макулдугу менен чечилсин.
  4. Садыков Канатбектин уулунун онкологиялык ооруу менен ооруп жаткандыгына байланыштуу, жардам катары берилүүчү 10 000 (он миң) сом акча каражаты, жардам сураган атуулдардын даректери такталгандан кийин берилсин.
  5. Тогуз-Булак айылынын тургуну Масалиев Калмырзанын, тамаркасын сел басып калып башка жерден жер сураган арызы жеринде такталып анан чечилсин.
  6. Айбике айылынын Чечекти көчөсүнүн жашоочуларынын сугат суу, таза суу, ички арыктар боюнча  арызы жеринде каралып айыл башчы аркылуу чечилсин.
  7. Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн АЖМФ нун жерлерине болуучу жер тооругу , кээ бир иш кагаздары даяр эместигине жана жазгы талаа жумуштары башталып калгандыгына байланыштуу  2025-жылдын сентябрь айына жылдырылсын.
  8. Токтомдун аткарууга алынуусу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Рахмановго милдеттендирилсин.
  9. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.

 

Контакты

Баткен облусу, Лейлек району Мин-Жыгач айылы Долоно көч.

Toguz-Bulak01101996@bk.ru

+996(3656)6-00-05

© Тогуз-Булак айыл окмоту . Все права защищены. Над сайтом работал ОсОО "НурАдАр"